• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жерлерди мыйзамдаштыруу. Мэрияда мобилдүү топтор түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясында конуштарда жайгашкан жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди алып келүү үчүн мобилдик топтор түзүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мобилдик бригадалар түздөн-түз жеринде иштешет.

"Азыр “2012-жылдын 3-августуна чейин курулган өз алдынча жеке турак жай курулуштары бар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга алынып, ал ушул жылдын 29-ноябрында аяктайт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы калктуу конуштардын жашоочуларын жер тилкелерин каттоодо талап кылынуучу документтердин тизмеси менен таанышып чыгууну суранат.

Документ — 1;

Документ — 2.

Пикир

Оставить комментарий