• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калкты тейлөө борборлорунда кыймылсыз мүлк жана жер объекттери боюнча кызмат көрсөтүлө баштайт

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бишкекте калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) кыймылсыз мүлк жана жер объекттери боюнча кызмат көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-февралдан 28-февралга чейин калкты тейлөө борборлорунда пилоттук режимде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү болмокчу.

Кызмат көрсөтүүлөр ийгиликтүү ишке киргизилсе, анда республиканын бардык аймагына таралат. Пилоттук долбоор президенттин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды ишке киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкактарында, Мамлекеттик каттоо кызматынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин кеңейтүү максаттарында ишке ашырылууда.

Жарандар Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин төмөнкү кызматтарынан колдоно алышат:

- кыймылсыз мүлк объектине карата укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмө;

- кыймылсыз мүлк объектинин техникалык параметрлери; - кыймылсыз мүлк объектине карата укуктардын жана чектөөлөрдүн тарыхы;

- кыймылсыз мүлк объекттерине карата жеке менчик укуктардын бар экендиги/жок экендиги тууралуу маалыматтар.

Даректер:

1. КТБ-1, 12 кичи району, Нуркамал Жетикашкаев көч., 29 (МҮнүн имараты);

2. КТБ-2, Чолпон-Ата көч., 2 ("АЮ Грандкомфорт" имараты);

3. КТБ-3, Ж.Гвардия бул., 4 (Бөкөнбаев көч. менен кесилишет);

4. КТБ-4, Ауэзов көч., 1/5 ("Два прораба" имараты).

Пикир

Оставить комментарий