• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калыс Жаныбеков Талас шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 30-мартта Талас шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жыйында депутаттар шаардык кеңештин төрагасын шайлоону карашты. Добуш берүүгө 26 депутат катышып, жыйынтыгында 26 добуш менен Калыс Жаныбеков Талас шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Ошондой эле кезексиз сессияда Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп “Асыл-Мурас Жаштар” фракциясынан депутат Кубан Жыргалбаев, Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Урмат Атагелдиев шайланды.

Белгилей кетсек, буга чейин төрагалык кызматты Адыл Жусупбеков жана төраганын орун басары кызматын Роза Исаева аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий