• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков элге кайрылуу жасады

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун коменданты болуп дайындалган Жеңиш Жоробеков элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынан кабарлашты.

Кайрылуунун текстин толугу менен беребиз;

"Урматтуу мекендештер!

Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун жашоочулары жана коноктору! Өлкөбүздүн аймагына жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрели саат 08.00гө чейинки убакытка өзгөчө абал киргизилди.

Бул илдетти токтотуу боюнча Өкмөттүн алдында түзүлгөн штабдын талаптарын так аткарууну өтүнөбүз. Эгерде өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын (20.00-07.00) жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын эрежелери бузулса, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү кызматтардын мыйзамдуу коюлган талаптары аткарылбаса - Кыргыз Республикасынын Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстеринин негизинде жоопкерчиликке тартууга мажбур болобуз.

Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер калкыбыздын, анын ичинде сиздердин ден-соолугуңуздар үчүн көрүлүп жаткандыктан түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарга чакырабыз".

Пикир

Оставить комментарий