• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында 2020-жылы пандемияга карабай өз ишин мыкты аткаргандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Ош шаарында 2020-жылы пандемияга карабай өз ишин мыкты аткаргандар сыйланды, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдагы жыйынтыгы жана 2021-жылга карата милдеттери боюнча коллегиялык жыйыны болуп өттү. Коллегиялык отурумдун соңунда шаардын өнүгүшүнө кошкон социалдык-экономикалык салымы жана биологиялык жана социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал пайда болгон учурдагы чечкиндүү аракеттери үчүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бир канча мекеме-ишканаларды сыйлады.

Шаардагы алдыңкы ишкана жана мекемелер 2020-жылдын жыйынтыгы менен “Эң мыкты” аталып, Ардак грамота жана 20 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды: - "Коргоо, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мыкты мамлекеттик мекеме" номинациясы - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы;

- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыкты муниципалдык мекеме" номинациясы - №6 "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгы;

- "Шаардык тейлөө жана транспорт жаатындагы мыкты муниципалдык ишкана" номинациясы – "Ош шаарын жакшыртуу жана жашыл экономика комбинаты" муниципалдык ишканасы;

- "Шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыкты муниципалдык мекеме" номинациясы боюнча - Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш бөлүмү;

- "Шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыкты муниципалдык ишкана" номинациясы - Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы;

"Социалдык жана маданий өнүгүү чөйрөсүндөгү мыкты мамлекеттик мекеме" номинациясы: - Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракеттеринкоординациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору;

- Ош шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борбору;

- Ош шаардык клиникалык ооруканасы.

Пикир

Оставить комментарий