• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кампа, дүкөн, ферма күйгөн. Акыркы суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.23./Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 2, өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган.

Алсак, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында кампа жана ичиндеги агрохимикаттары күйүп, өрттүн жалпы аянты 80 чарчы метрге жеткен. Кырсыктын чыгуу себептери такталууда.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жалпы аянты 10 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган соода түйүнү толук күйгөн.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жеке фермадан чыккан өрттүн кесепетинен 1 даана комбайн жана 1 даана жүктөгүч күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий