• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда каналга түшүп кеткен кичинекей кызды издөө уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Жайыл районунда каналга түшүп кеткен кичинекей кызды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 3 жашар кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

3-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 4-сентябрда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий