• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл районунда сел турак үйлөрдүн короосун каптады – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл районунда сел турак үйлөрдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-сентябрда саат 14:20 чамасында Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Көк-Дөбө айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн короо-сарайларын каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 5 киши жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылып, саат 19:00дө жумуш толук аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий