• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте троллейбус кичи автобусту коюп кетип, ал жөө жүргүнчүнү сүздү

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте троллейбус кичи автобусту коюп кетип, ал өз кезегинде жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Милициянын маалыматы боюнча, жабыркаган аял өзү ооруканага бара тургандыгын айтып кетип калган.

Жол кырсыгы бүгүн саат 11:30 чамасында Байтик Баатыр жана Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

“Жөө тилкенин” алдында “Форд транзит” унаасы токтоп жөө жүргүнчүнү өткөргөн. Анын артында троллейбус келе жаткан, ал сол тарабында келе жаткан жеңил унааны ашып өтүүгө аракет кылган.

Катталган кырсык боюнча ыкчам-иликтөө топ иштеп жатат. Милиция кызматкерлери жабыркаган аялдын өздүгүн тактап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий