• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш Финансылык чалгындоо кызматынын ишине байланыштуу

Президент 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. «Финансылык чалгындоо кызматынын натыйжалуу ишине терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо жаатындагы кылмыштарды өз учурунда алдын алуу гана эмес, коррупция менен натыйжалуу күрөшүү, экономикадагы көмүскө кирешелерди аныктоо жана ошондой эле ачыктыкты жана мамлекеттик кызматкерлердин чыгашаларын толугу менен декларациялоону камсыздоо дагы байланыштуу», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчисин аткарылган жумуштардын жыйынтыгын жана ошондой эле Финансылык чалгындоо кызматынын кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана Кыргызстанда террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы чараларды талкуулоо үчүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү террористтик иш-аракеттер коркунучтарын аныктоо жана каржылоо каналдарын бууп салуу боюнча чечкиндүү аракеттер талап кылынаарын белгиледи.

«Биздин милдетибиз – жарандарыбыздын коопсуздугун жана кызыкчылыгын, мамлекеттин аброюн коргоо. Сиздердин кызмат каржылык жана башка кылмыштар менен күрөшүүдө чоң роль ойнойт», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимине жана эл аралык уюмдардын сунуштарына ылайык терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо жаатында Мыйзамды жакшыртуу жана актуалдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Ал эл аралык рейтингдер, инвестициялык жагымдуулук жана өлкөнүн имиджи учурдагы мыйзам чыгаруучу базадан жана аны колдонуу практикасынан түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Буга байланыштуу Финансылык чалгындоо кызматына бардык кызыкдар органдар менен биргеликте терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жаатында республиканын мыйзам чыгаруучу базасын эл аралык практикада колдонулган стандарттарга жана талаптарга шайкеш келтирүүгө керектүү чараларды көрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий