• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков жумушчу визит менен Пекин шаарында – Фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде, Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» экинчи форумунун ачылыш аземине катышты.

Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу визитинин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушуп, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташууга кызыкдар болгон кытайлык бир катар компания жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Кытай Коомдук илимдер академиясынын тарыхый изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Тянь Бо менен жолугушуп, Кыргызстандын тарыхы боюнча архивдик материалдарды биргеликте изилдөө маселесин талкуулашты.

Пекин шаарына жумушчу визиттин биринчи күнүнүн аягында президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» экинчи форумуна келген делегация башчылары менен биргеликте Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюандын кабыл алуусунда болду.

Пикир

Оставить комментарий