• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент кыргыз-тажик чек ара маселеси кандай чечилип жатканын айтты

Президент 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган кезектеги маегинде кыргыз-тажик чек ара маселеси кандай чечилип жатканы тууралуу айтып берди.

Өлкө башчы Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар экенин белгиледи.

“Бирок өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, - дейт ал.

Жапаров эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечсе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.

“Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз”, - деп президент сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий