• 88.68
  • 95
  • 0.95

Султанбаев: Президентти дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине Катардын эмири чакырган

Президент 0

Бишкек, 18.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал өлкө лидерлери акыркы убакта эки жолу көзмө-көз жолугушуу өткөрүшкөндүгүн эске салды.

"Биринчи жолугушуу Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында, экинчиси Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин алкагында өткөн. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Катардын эмири президент Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чакырган", - деди ал.

Султанбаев кошумчалагандай, учурда Катарда дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн лидери ардактуу конок катары жүрөт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-декабрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши өтөт, анда Франция менен Аргентинанын курамалары оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий