• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте баскетбол боюнча ачык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Бишкектеги №29 мектеп-гимназиясынын спорт аянтчасында шаардын 145 жылдыгына карата 3х3 баскетбол боюнча Bishkek Cup ачык турнири өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге Бишкек шаарынан жана өлкөнүн облустарынан келген командалар катышты. Жалпысынан турнирге аялдар арасында 17 команда, эркектер арасында 32 команда, жалпысынан 200дөн ашуун спортчу катышты.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор жана кубоктор, ошондой эле мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинен белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий