• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кант шаарындагы маданият үйүндө Санкт-Петербург митрополитинин кызматкерлеринин концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 15.08.21. /Кабар/. Күн мурун, 14-августта, Кант шаарындагы Андашбек Тойтоев атындагы маданият сарайында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында Санкт-Петербург митрополитинин кызматкерлери тарабынан даярдалган чакан концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин ушундай эле концертти алар Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында да беришкен.

Эске салсак, 12-14-август күндөрү Россиянын маданият күндөрү Бишкек шаарында өтүп, комплекстүү маданий программалар тартууланган.

Пикир

Оставить комментарий