• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кант шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кант шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу«Газпром Кыргызстан» компаниясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кант шаарынын Күрөңкеев дарегинде жайгашкан жер үстүндөгү орто басымдагы газ өткөргүчүндө пландалган кооптуу иштерин өткөрүүгө байланыштуу 20-сентябрда саат 08:30дан 17:00гө чейин шаардын 1-кичи районунда, МИС, Ленин, Гризодубов, Зубков, Кутузов, Мичурин, Гагарин, Баку, Совет көчөлөрүндө жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий