• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кантта жергиликтүү жашоочуларга ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта Ысык-Ата районунун Кант шаарында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары Айбек Ажыбаев, Ысык-Ата РИИБнин жетекчилиги, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, жергиликтүү кеңештин төрагасы, квартал башчылары, аксакалдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле шаар жашоочулары катышты.

Жолугушууда КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы кенен жеткирилди.

Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары мындай түшүндүрүү иштери Чүй облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле дин өкүлдөрү менен биргеликте тынымсыз жүргүзүлүп жатканын айтып, ысырапкерчиликтерди алдын алуу иштери жергиликтүү жашоочулар тарабынан да колдоого алынып жатканын кошумчалады.

Ал эми Кант шаарынын мэри муниципалитет тарабынан милиция кызматкерлери менен биргеликте бул багытта жумуштар жакшы жолго коюлганын белгилеп, шаар тургундарын бул жарлыктын талаптарын колдоого чакырды.

Кант шаарынын акскалдары акыркы учурда тойлордо ашыкча чыгымдар көбөйүп кеткенин айтып, айрыкча үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү иш-чараларында кошумчаларды кошуу өзүнчө чоң маселе болуп келгенине токтолушту. Андай салтанаттар атаандашууга жол ачып, той өткөрүү же маркумду акыркы сапарга узатуу көптөгөн чыгымдар менен коштолуп келгенине күбө болуп келишкенин айтышып, ысырапкерчиликтерди токтотуу зарылдыгын билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары президент тарабынан өз учурунда кабыл алынган жарлык мүмкүнчүлүгү барына да, жогуна да бирдей иштесе, ысырапкерчиликтерге жол берилбесе, деген маанидеги пикирлерин айтып, эл арасында түшүндүрүү иштери жакшы жемишин берип жатканына токтолушту.

Ошондой эле Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин жетекчилиги тарабынан милициянын көчмө кабылдамасы менен Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу иштери жүргүзүлдү. Анда коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болуп, кандайдыр бир шектүү иш-аракеттерге күбө болгон жарандар дароо ички иштер органдарына кайрылуусу кылмыштуулуктардын алдын алууга өбөлгө болору айтылды.

Пикир

Оставить комментарий