• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өткөн жылы Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токойго жалпы 17 млн 600 миң майда балык кое берилди

Коом 0


Бишкек, 16.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токой жана башка көлмөлөргө жалпы 17 млн 600 миң майда балык (малёк) кое берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Анын айтымында, суу сактагыч жана көлмөлөргө балыктын үч түрү бошотулду.

Нет описания.

“Жыл жыйынтыгы менен товардык балыктын көлөмү 10 миң 344 тоннаны түзүп, анын 5 миң 139 тоннасы экспортко Казакстан, Россия жана башка өлкөлөргө чыкты", - деди ал.

Ниязов Балык чарба департаментинин реестрине 194 чарба каттоодон өткөнүн айтып, мындан сырткары, майда чарбалар дагы бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий