• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Акыйкатчы институту Алматыда сабалган Сыдыковду Стамбул протоколу боюнча медкароодон өткөрүүнү суранат

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. КР Акыйкатчы институту Алматыда сабалган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковду Стамбул протоколу боюнча медициналык кароодон өткөрүүнү суранат. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институту тарабынан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин наамына кат жолдонду. Анда үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Алматыда болгон тополоңдон кийин Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалып, сабалган Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыковду Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчү камтылган.

"КР Конституциясынын 109-беренесинин жана “КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР Мыйзамынын 8 жана 12-беренеринин негизинде кайрылып, «Учурда ал Кыргызстандын чек арасына келе жатат, ага байланыштуу Стамбул протоколуна ылайык медициналык кароодон өткөрүүнү жана экспертизанын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү суранабыз”- деп жазылган Акыйкатчы институтунун кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий