• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казак диаспорасынын өкүлдөрү “Ак-Тилек” өткөрмө пунктуна кетүүчү жолдогу таштандыларды жыйнашты

Коом 0

Бишкек, 02.11.17. /Кабар/. Казак диаспорасынын өкүлдөрү кечээ кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна карай жол боюндагы таштандыларды жыйнашты. Бул тууралуу диаспоранын өкүлдөрү билдиришти.

Ыктыярчылар өздөрүнүн демилгеси менен бир тоннага жакын таштанды чогултушту. Буга чейин диаспора ысык тамак жана кургак азык уюштурушкан. Андан соң трасса таштандыга толуп кеткени белгилешкен.

Казак диаспорасынын активдүү мүчөсү Олжас Джилкибаев айткандай, жол боюндагы таштанды экосистемага, анын флора жана фаунасына терс таасирин тийгизет.

“Биринчи кезекте куштар зыян тартат. Анын кесепети чоң. Биз коомдун активдүү бөлүгү катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана коомдук уюмдарды, кыймылдарды, карапайым жарандарды бул аймактагы экологиялык жагдайга көңүл бурууга чакырабыз”, - деп белгиледи Джилкибаев.

Ал ошондой эле жүк унааларынын айдоочуларына аймакка таштанды калтырбоо, жаратылышка сый мамиле кылуу чакырыгы менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий