• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “тогуз коргоол” борбору ачылды

Спорт 0

Бишкек, 02.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Күн мурун 1-ноябрда кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “тогул коргоол” улуттук интеллектуалдык оюнун өнүктүрүү жана үйрөтүү боюнча бробор ачылды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, башкы максат тогул коргоолду өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат.

Улутутк спорттун түрү боюнча дирекциянын директору Токсонбай Асановдун айтуусу боюнча, тогул коргоо кыргыздардын байыркы оюну, ал учурда Кыргызстанда популярдуу болуп, өнүгүп келе жатат.

“Өзүңүздөр билгендей, биздин спортчулар Азия жана дүйнө чемпионаттарында жакшы жыйынтык көрсөтүп жатышат. Борбордун ачылышы – бул улуттук оюндарды өнүктүрүп жатабыз дегендик. Академия бир гана дене тарбия жагын эмес, окуп жаткандардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн да өстүрүү керек”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий