• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футбол. Кыргызстан Азия Кубогуна даярдыкты Катарда өткөрүүдө (фото)

Спорт 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына окуу-машыгуусун Доха шаарында (Катар) өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Даярдык 8-декабрда башталып, 3-январга чейин уланат.

Эскерте кетсек, Азия кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага 24 курама команда катышат.

Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий