• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет

Спорт 0


Бишкек, 19.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президентти Руслан Кыдырмышев инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.

Шевченко 21-ноябрда саат 06:00дөр чамасында Бишкектеги “Манас 2” эл аралык аэропортуна келип конот.

Ал эми 22-ноябрда саат 14:00дө Novotel мейманканасында маалымат жыйын өтүп, ошол эле күнү саат 16:00дө “Аю гранд” соода борборунда күйөрмандар менен жолугушуу болот.

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмак категориясынын чемпиондук курун алты ирет коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий