• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

19-23-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. 19-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-январда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 21-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Пикир

Оставить комментарий