• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каныбек Исаков мектеп, бала бакча жетекчилерине акча чогултууга тыюу салды

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектеп, бала бакча жетекчилерине акча чогултууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Исаков Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка бүгүн кол коюлду.

Буйрукта маданий - массалык жана башка иш-чараларга да мыйзамсыз акча-каражаттарын педагогдордун талап кылбоо керектиги жазылган. Мындан сырткары камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынды.

Ошондой эле мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин, жетекчилеринин, окуучулардын ата-энелеринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз акча чогултуудагы суроолор боюнча “ыкчам байланыш” телефон линияларын жана “ишеним үкөктөрүн” уюштуруу тапшырылды.

Бул буйруктун аткарылышы жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.

Эгерде жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтооо же окуучуларга алардын ата-энелерине моралдык - психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий