• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Кулжа районунда 3 фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.07.23./Кабар/. Кара-Кулжа районунун аймагында 3 фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондо Райимбек Термечиков атындагы фельдшердик-акушердик пунк (Сары-Булак), Сары-Күнгөй фельдшердик акушердик пункт жана Ак-кыя фельдшердик акушердик пункттары иштей баштады.

Ачыш аземине президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Толтоев калкты сапаттуу медициналык жактан тейлөөдө жана биринчи же баштапкы медициналык жардамдарды көрсөтүүдөгү медицина кызматынын коомдогу ролун жогорулатуу жана медициналык мекемелердин материалдык техникалык базаларын чыңдоодогу жасалып жаткан жумуштарга токтолуп, дени сак коомду түзүү, сергек жашоо образын калыптандыруу баарыбыздын милдетибиз экендиги баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий