• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында өрт чыккан

Аймак 0

Ош, 01.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-август күнү эртең менен Ош шаарында "Семетей" кинотеатрында өрт чыккан.

Ош шаарындагы ӨКМ башкармалыгынан билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 09:46да келип түшкөн.

Окуя жерине үч өрт өчүрүү бөлүмү барып, өрттү өчүрүшкөн.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Окуя болгон учурда кинотеатрда көрүүчүлөр болгон эмес.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев менен шаардын ӨКМ жана милиция кызматынын жетекчилери "Семетей" кинотеатрын көрүп келишти.

Пикир

Оставить комментарий