• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө он күн бою "Ак куу көлү" балети көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. 1-августтан 10-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Рух-Ордо" маданий борборунун сахнасында П.И. Чайковскийдин айтылуу "Ак куу көлү" балети көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, керемет жаратылышы жана жарык шоусу менен коштолгон спектаклди Кыргызстандын театр сахнасынын флагманы - А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамы аткарат.

Балет КР эмгек сиңирген артисти Канат Надырбектин редакциясында Мариус Петиптин хореографиясы.

Башталышы саат 19:00.

Пикир

Оставить комментарий