• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунда эки унаа сүзүшүп, айдоочулары жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда эки автоунаа сүзүшүп, айдоочулары жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-сентябрда болжол менен саат 08:37лер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 643-чакырымында катталып, "Honda Jazz" жана "Mazda" үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктан эки айдоочу тең жабыркаган.

Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бара жаткан унаалар менен ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий