• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунда пара алып жаткан айыл башчысынын орун басары кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды.

Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий