• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда эки мектепке жаңы окуу корпустары курулду

Аймак 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндөгү эки мектепке жаңы окуу корпустары курулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, район акими Турусбек Ногоев, мугалимдер жана демөөрчүлөр катышты.

Жийделик айылындагы №80 Х.Тажиматов орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан 250 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Аталган имарат 12 класстык бөлмөдөн туруп, 39 миллион сом каражат жумшалган.

Ал эми Нурдар айылындагы №15 Х.Мирзажанов орто мектебине З.Мирбабавтин демөөрчүлүгү менен 150 орундуу ашкана жана 5 класстык бөлмөдөн турган жаңы окуу корпусу курулган.

Пикир

Оставить комментарий