• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суудан Иранга кой эти, ал эми Кытайга жүн экспорттолот

Экономика 0

Ош, 04.07.19 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунан Иранга кой эти, ал эми Кытайга жүн экспорттолот. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин Кара-Суу районунда болгон учурда айтылды.

"Катта-Талдык" кой чарба мамлекеттик фермасында 4 миң баш кой бар. 2018-жылы алар Ирандын кой этине болгон суроо-талабын толук кандуу камсыздап бере албагандыктан, бул жылы алар экспортту арттырууну пландап жатышат.

Андан тышкары, жаңы кыргыз тукумундагы меринос койлорунун жүнү да чоң суроо-талапка ээ. Өткөн жылы ал койдун жүнүнүн 1 килограммы 280 сомдон Кытайга сатылган. Ошондой эле жүндү Ноокаттагы жүндү кайра иштетүүчү жергиликтүү завод да сатып алат.

Мындан кийин бул койлордун жүнүнүн Ош шаарындагы "Кыргыз Текстиль" тигүүчү жаңы ишканасы 1 килограммын 300 сомдон толук түрдө сатып алууну көздөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий