• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары жазгы талаа жумуштары учурунда КММга кредит берүүнүн ордуна солярканын баасын төмөндөтүүнү сунушташты

Экономика 0

Бишкек, 15 -февраль /Кабар/. ЖК депутаттары парламент жыйынын жүрүшүндө жазгы талаа жумуштарына даярдык тууралуу маалыматты угуп жатышып, талаа жумуштары учурунда фермерлерге күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) сатып алууга кредит берүүнүн ордуна өкмөт солярканын баасын төмөндөтө алар-албасына кызыгышты.

Атап айтканда, депутаттар анын баасын 30 сом эмес, Казакстандагыдай 20 сомго түшүрүүнү сунушташты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдиргендей, бул мүмкүн эмес, анткени өлкөбүз күйүүчү-майлоочу майларды Россиядан сатып алат.

“Пошлина кошулганда баа ушундай болот. Казакстанда баанын арзандыгы – алар нефтини өздөрү иштетишет. Эгерде Казакстандан алып келсек деле, пошлинасы менен ошондой эле баа болмок”,-деди М.Абулгазиев. Ал ошондой эле фермерлерди күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөй жаралбасын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2017-жылы жазгы талаа жумуштарына 42,5 миң тонна күйүүчү-майлоочу майлар талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий