• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Жыгач конушуна жаратылыш газы берилди

Коом 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектин Октябрь районундагы «Кара-Жыгач» конушунун тургундарына жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаратылыш газын берүү Кыргызстанда газдаштыруу иштеринин алкагында жүзөгө ашкан. Жалпы узундугу 30,1 чакырымды түзгөн газ түтүгү орнотулуп, 151 абонентке туташтырылды. Кийинки жылга чейин толугу менен газдаштырылмакчы.

Иш-чарага Октябрь райондук администрациясы, «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий