• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иранда аялдар залына киргиси келген эркек машыктыруучуга хижаб кийүүгө туура келди

Дүйнө 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Иранда өткөн Кабадди боюнча Азия биринчилигинин мелдештеринде Таиланддын аялдар командасынын машыктыруучусу залга кирип, оюнчуларды кубаттоо мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн хижаб кийди. Иранда аялдардын пайдалануусундагы спорттук жайларга эркектердин кирүүсүнө тыюу салынат.

Ирандын Кабадди федерациясы бул окуя үчүн кечирим сурап, тай машыктыруучусунун мындай аракетин айыптады. Федерациянын билдирүүсүндө катышуучуларга хижабдын эрежелери жана эркектердин спорттук жайга кирүүсүнө тыюу салынары тууралуу алдын ала эскертилгени айтылат.

Федерация документтерди текшерүүдө шалаакылыкка жол берилгенин моюнуна алып, ошол эле маалда Таиланддын машыктыруучусу көзөмөлдөөчүлөрдү алдаганын кошумчалады.

Тай машыктыруучусу Сомпрач Пончу эгер залга киргиси келсе, хижаб кийиши керектигин айтышканын билдирүүдө. Бирок ал мындай талапты ким койгонун тактаган жок.

Ал арада Ирандын Кабадди федерациясынын башчысы Мохаммад Реза Максудлоу бул окуя тууралуу өзүнүн версиясын билдирди. Анын айтымында, фотографтардын бири тай машыктыруучусунун аренага кирип, сүрөткө түшүшү үчүн ага моюн орогуч берген.

«Бул туура эмес болгон. Ал оюндарга шек келтирүүнү максат кылган», - деди Магшоулу.

Кабадди боюнча Азия биринчилиги Ирандын түндүгүндөгү Горган шаарында 22-27-ноябрь күндөрү өттү. Иран курамасы жарым финалда Түштүк Кореядан утулуп, финалга чыкпай калган. Жыйынтыктоочу беттеште Индия Пакистанды жеңип, Азиянын чемпиону аталды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий