• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Карабалта спирт заводу” сатыкка коюлду

Экономика 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду мамлекеттик менчиктеги айрым мекемелерди ишке киргизүү масатында аукцион өткөрөт. Мунун негизинде мамлекеттик “Карабалта спирт заводу” сатыкка коюлду.

Аталган ишкана Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында жайгашып, баштапкы баасы 200 млн сом турат.

“Карабалта спирт заводунун” карамагына жалпы аянты 10 миң 155,4 чарчы метрлик 1943-жылдан 2010-жылга чейинки курулуштар, 30 миң 319,49 чарчы метр жер тилкеси, унаа, жабдыктар, эмерек жана кеңсе техникасы, болжолу менен 10го жакын транспорт каражаттары кирет.

Аукцион 14-августта саат 14:00 өтөт.

Ошондой эле, аукцион ачык болуп ага мамлекеттик мекемелерден башка бардык каалоочулар катыша алат.

Аукциондун жеңүүчүсү деп эң көп сумма сунуш кылган жаран табылат.

Аукционго катышууну каалагандар тиешелүү документтерин 11-августта саат 16:00гө чейин Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырышы керек.

Тиешелүү документтерди кабыл алуу 30-июнда башталган.

Пикир

Оставить комментарий