• 88.68
  • 95
  • 0.95

2022-жылы Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы соода жүгүртүү $13,87 млн түздү

Экономика 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы соода жүгүртүү 13,87 млн АКШ долларын түздү. Анын ичинен экспорт 9,6 млн, импорт - 4,26 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачич Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди.

“Бул жаман көрсөткүч эмес, бирок өлкөлөр ортосунда кызматташуу үчүн чоң потенциал бар жана биз аны бекемдөөгө макулдаштык. Жакынкы жылдарда өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүнү жана саясий диалогду түзүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий