• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Каракол” аэропортун оңдоодо $10 млн мамлекеттин акчасын сактап калдык — Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү “Каракол” аэропортун оңдоо ишине каралган каражаттан 10 млн долларга жакын сумма ашыкча болуп чыкты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Жапаров өлкөдөгү бардык аэропортторду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ички аба каттамдарды жандандыруу максатында 2021-жылы аэропорт жетекчисине тапшырма бергенин айтты.

“Бир күнү эмне болуп атат тактайынчы деп сурап калдым. “Эртең тендердин акыркы күнү, тендер жарыялаганбыз” деп маалымат берди. “Токтоп тур, кайсы суммага жарыя кылдыңар эле. Сметасын алып келчи мага” деп териштирип көрсөм, бир эле “Каракол” аэропортун оңдоо ишине каралган каражаттан 10 млн долларга жакын сумма ашыкча болуп чыкты. Дароо тендерди токтотуп калдык. Эгер тендер өтүп кеткенде чет өлкөлүк компания утуп алса, азыр соттошуп жүрмөкпүз. “Тендерден утуп алдым эле мага курулуш иштерин бербей жатат” деп чыгышмак алар. Бул жерден да саналуу жегичтердин оозунан олчойгон сумманы жулуп алдык. Азыр өзүбүз куруп жатабыз. 10 млн доллар мамлекеттин акчасын сактап калдык. Мына ушинтип эле ушундай иштер менен 30 жылдан бери мамлекетти 5 млрд долларга карыз кылып коюшкан тура”, - деди президент.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 20-январында Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “Ысык-Көл” жана “Каракол” эл аралык аэропортторун модернизациялоо долбоорлору менен таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий