• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Акылбек Жапаров таза иштеп турса эле кетпейт

Президент 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Президент өз сөзүндө ким эле салыктын түрлөрүн көбөйтөм деген кишини жакшы көрсүн деп баса белгиледи.

"Ооба, туура. “Акылбек кетсин!” дегендер карапайым калктын арасында да бар. Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннес китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса, “бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, Өкмөт, токтогула” деп жол көрсөтүп турам", - деди президент.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү социалдык тармактарда министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда.

Буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков интернет колдонуучуларын инсандын жекелигине асылуудан алыс болууга чакырып, Акылбек Жапаров президенттин командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда деген.

Пикир

Оставить комментарий