• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токиодо Садыр Жапаров менен Япониянын премьери Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи өттү

Президент 0


Бишкек, 20.11.23./Кабар/. Бүгүн Токио шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Япониянын премьер-министри Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Япониянын премьер-министринин резиденциясында президент Садыр Жапаровду өкмөт башчысы Фумио Кисида тосуп алды.

Саламдашып, кол алышуу болуп, Кыргызстан менен Япониянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан кийин Фумио Кисида жана Садыр Жапаров тизилген ардактуу кароолдун катарын айланып өтүштү. Лидерлерге эки өлкөнүн расмий делегациялары тааныштырылды.

Салтанаттын соңунда президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Фумио Кисида эки тараптуу сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий