• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бири-бириңерди тарбиялоого чакырам. Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Президент 0


Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде кыргызстандыктарды өлкөнүн жаратылышын сактоого жана тартипке чакырды.

Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы быйыл өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдү 4 ай ичинде 96 миң метрге жакын браконьердик торлордон жана 6 тоннага жакын таштандыдан тазалаганын баса белгиледи. Бул иш дагы деле уланып жатат.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, балык кармоого мораторий бар экенин эскертип, балыктардын санын көбөйтүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Президент жаратылыш – Кыргызстандын кайталангыс байлыгы жана ага аяр мамиле жасоону талап кылган адамзаттын жалпы байлыгы экенин өзгөчө белгиледи. Бирок анын ордуна, тактап айтканда, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жүргөн адамдар таштандыны эч ойлонбой, таштап кеткендиги байкалууда.

"Кыргызстандын жаратылышын сактагыла, деп, биз көбүнчө өлкөбүзгө келген туристтерге кайрылабыз, бирок өз мисалыбыз менен тескерисин көрсөтүп жатабыз. Мен бардыгыңарды бири-бириңерди тарбиялоого, тартипке салууга, айлана-чөйрөнү булгабай, аяр мамиле жасоого чакырам", - деп баса белгиледи президент.

Туризм тармагын өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири катары белгилеп, президент болжолдоолорго ылайык, быйыл 10 млн туристтин келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий