• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол шаарында өрттөн бир киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Каракол шаарында өрт кырсыгынан улам бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Кыдык Аке көчөсүндө жалпы аянты 35 чарчы метр болгон курулуш вагону толугу менен күйүп, кырсыктын айынан бир эркек киши каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий