• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо айдоочу үйдүн дубалын сүзүп, каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Караколдо жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрь күнү саат 01:30 чамасында Караколдогу Пржевальский жана Харьковский көчөлөрүнүн кесилишинде Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай турак үйдүн дубалын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу 1986-жылы туулган Ө.С. аттуу эркек киши каза болгон. КР ӨКМнин №15 Аскерлештирилген өрт–куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий