• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда кезектеги жолу электр энергиясына тарифтер жогорулайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Тажикстанда кайрадан электр энергиясына болгон тарифтер жогорулап, бир киловаттын баасы дээрлик 20 дирамга жетет. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна 25-сентябрда кол коюлду.

Документке ылайык, 1-ноябрдан тарта электр энергиясы үчүн жаңы тарифтер киргизилип, 1 киловаттын баасы 19,37 дирамга чейин жогорулайт. Учурда калк жарыктын бир киловатты үчүн 16,85 дирамдан төлөйт.

Тажикстанда электр энергиясынын баасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен жылына эки жолудан 20 пайызга жогорулап турат. Электр энергиясына болгон тарифтерди акырындык менен көтөрүү тууралуу меморандумга Тажикстан өкмөтү менен Дүйнөлүк банк 2006-жылы, өлкөнүн энергетика тармагынын кирешелүүлүгүн арттыруу максатында кол коюлган.

Өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги тарабынан сунушталып, өкмөт тарабынан жактырылган программага ылайык, калк үчүн электр энергияга болгон тарифтер алдыңкы үч жыл ичинде болжол менен жылына эки дирамдан жогорулап, 2020-жылы бир киловаттын баасы 20 дирамга чейин жетет.

Мурдараак «Барки точик» энергохолдингинин өкүлү Мирзо Исмоилзода тарифтер «электр объектилеринин иштеп туруусун камсыздоо максатында» жогорулатылып жатканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий