• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын түштүгүндө сууга чөккөн үч адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө сууга чөккөн үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында каналга 2006-жылы туулган Д.М. аттуу бала түшүп кеткен. Жерине КР ӨКМден 31 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 16:50дө маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошондой эле Ош облусунун Араван районундагы Ленин айылында Фергана каналына 1991-жылы туулган С.Д. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Жерине КР ӨКМден 19 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам, ошондой эле жогоруда аталган жаран Өзбекстандын аймагына агып кетүүсү болжолдонуп, Андижан облусунун Мархамат районунан 4 куткаруучу тартылган. Маркумдун сөөгү Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, Ош шаарынын Разаков көчөсүндөгү каналга 2003-жылы туулган М.А аттуу кыз түшүп кеткен. Ош шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий