• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каратаев: Өткөн сутка ичинде жети бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда жети бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши), Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши), №2 клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши), Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши) жана кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши) бейтап илдеттен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-июнга карата коронавирус илдетин жуктурган жаңы 279 учур катталып, жалпы илдетке чалдыккандардын саны 5296га жетти. Алардын ичинен 830у медицина кызматкери. Илдеттен 2370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий