• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды. 124 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды, эртең мененки 08:00гө карата 124 бош орун бар, деп билдирет Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Алардын маалыматы боюнча:

- Улуттук хирургия борбору – бош орун жок;

- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана – 1 орун;

- №2 клиникалык төрөт үйү – 6 орун;

- №2 шаардык клиникалык оорукана – 19 орун;

- №6 шаардык клиникалык оорукана – 1 орун;

- Улуттук кардиология жана терапия борбору – 7 орун;

- Чүй облустук бириккен оорукана – бош орун жок;

- Улуттук госпиталь: ИОВ – 10 орун;

- Улуттук онкология жана гематология борбору – 7 орун;

- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – бош орун жок;

- Республикалык наркология борбору – 7 орун;

- Улуттук госпиталь: Мобилдик клиника – бош орун жок;

- Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок.

«Ошондой эле бүгүндөн тартып Аскер госпиталында COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча дагы 65 орун даярдалды», - деп айтылат маалыматта.

Кошмча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефондор боюнча билсе болот.

Пикир

Оставить комментарий