• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каратэ-до боюнча кыргызстандык спортчулар лицензиялык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Каратэ-до боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турчу Karate 1- Primer Legue эл аралык лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мелдеш 12-14-март күндөрү Стамбул шаарында өтөт.

Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:

1. Рафаэль Акбаров, 60 кг;
2. Эрбол Жумалиев, 84 кг;
3. Кымбат Тойтонова, 61 кг.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан мелдешке жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий