• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касмамбетов Чэндуда соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форумга катышты

Саясат 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форумга катышты.

Форумга Сычуань провинциясынан 100дөн ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Кириш сөзүндө Мамлекеттик катчы иш-чаранын катышуучуларын экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырды.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык жана мазмундуу деңгээлге көтөрүлгөнүн кубануу менен билдирем. Буга далил катары биздин мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен декларациясына кол коюусу саналат», - деди ал.

Сүйүнбек Касмамбетов Кытай компанияларын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө чакырып, эки өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Провинциялык партия комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, Сычуань провинциясынын пропаганда министри Чжэн Ли “19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин” ишине кыргыз делегациясынын катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларга басым жасады.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов кытайлык ишкерлерге өлкөдөгү бизнес-климат, ошондой эле анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк айтып берди.

Иш-чарада кытайлык компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөп, өлкөлөр ортосунда бизнес жүргүзүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти, ошондой эле биздин өлкөнүн туристтик потенциалын жогору баалашты.

Маалымат үчүн: 90 миллиондон ашык калкы бар Сычуань провинциясы Кытайдын алдыңкы аймактарынын бири. Облустун 2022-жылы региондук дүң продукциясы 830 млрд. долларды түздү жана 2023-жылдын жыйынтыгы менен 53,5 млрд доллардан ашык түз инвестиция тартылган.

Пикир

Оставить комментарий