• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда алкоголдук продукциядан түшкөн киреше 299%га көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 299%га көбөйдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмалары жана жеке көзөмөлүнүн натыйжасында ар бир тармакта өсүү темпи сезилип, кирешелер мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүп жатат.

"Ошнетип, 2023-жылдын январь-май айларында 22 млн 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 млн 756 миң литрге көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 174,2% түздү. Алкоголдук продукцияны өндүрүүдө жана сатууда акциздик салыкты төлөө фактысы 2023-жылдын 26-июнуна карата 1 млрд 407,6 млн сом болду. Ошондой эле акциздик кирешенин өсүү темпи жогорку көрсөткүчкө жетти. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 299%ды түздү, же бул өткөн жылга салыштырмалуу 936,9 млн сомго көп", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий